www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Арстан келатат! Жолборс келатат!” – деген ураанды унута элексиңерби? Ооба, кеп дал ошол Ош шаарынын бир кездеги калаа башчысы Мелис Мырзакматов тууралуу кеп.

Бул адамдын кадыр-баркы Ошто дагы деле күч. Анын баркын 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы жакшы эле пайдаланып, “үйлөнө” калып, Жогорку Кеңешке тыпыйып өтүп кеткен. Учурда парламентте эң аз сандагы фракция. Эгерде Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” куу-мүнөз Текебаевге алданып калбаганда азыр парламентте “Ата Мекен” партиясынын жыты дагы жок болмок.

Бирок, айталы дегенибиз башкада. Мелис Мырзакматов эки-үч жыл мурун абдан активдүү боло баштаган. Нурлан Мотуевди тартып, арыктап, спорт менен машыгып, чымыр денелүү сүрөттөрүн социалдык тармактарга жайгаштырып, бар экендигин кабарлап жүргөн. Анан эле кайра чөлгө сиңген тамчыдай эле жоголуп кеткен. Сыйпаласак дагы таппай калдык эле. Көрсө, ал 2020-жылга белгиленген парламенттик шайлоого катуу даярданып, эми жолборс, арстан дагы эмес, илбирстин секиригин жасаганга камданып жаткандыгын эшиттик. Так что, алдыда дагы далай кызыкдар боло турчудай болуп калды.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости