www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Чымкент шаарында Кыргызстандын жараны — 1997-жылы туулган Баялы Төрөгелдиев кармалды. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчы институту билдирди.

Төрөгелдиевдин туугандарынын айтымында, Баялы сурак учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан сабалган жана учурда оор абалда. Ага медициналык жардам да көрсөтүлбөй жатат.

КРнын Акыйкатчы институту Казакстандын адам укуктары боюнча өкүлү Элвира Азимовага кайрылып, Кыргызстандын ар бир жаранынын укугун коргоого көмөктөшүүнү суранды. Ошондой эле эмгек мигранты Баялы Төрөгелдиевге юридикалык жана медициналык жардам көрсөтүүнү өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости