www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы кайгылуу окуялар ЖККУга мүчө бардык мамлекеттердин терроризмге, экстремизмге, диний радикализмге жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүн күчөтүү зарылдыгын тастыктайт. Бул тууралуу бүгүн ЖККУнун кезексиз сессиясында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди.

Анын айтымында, ал бир нече жолу биздин өлкөлөрдө уктап жаткан клеткалардын бар экендигине көңүл бурган.

«Террористтердин мекени, дини, улуту жок. Аларды кайсы жерде болбосун жок кылыш керек.

Ислам радикализминин жана экстремизминин идеясы биздин өлкөдө жайылууда жана бардык мамлекеттерибизге коркунуч туудурат. Көпчүлүгү Сирияда согушкерлер тарабында согушуп жүрөт.

Алардын канчасы мекенине кайтты. Биз чек араларды гана эмес, маалымат мейкиндигин да коргошубуз керек, экстремизм жана терроризмге тиешеси бар адамдардын ЖККУ өлкөлөрүнө кирүү каналдарын кесип салышыбыз керек.

Ошондой эле жарандарыбыздын чет өлкөгө дин таануу үчүн чыгып кетишин көзөмөлгө алуу зарыл. Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы кырдаал күн сайын курчуп баратат.

Биздин чек арада талиптердин өздөрүнүн ортосунда салгылашуулар болуп жатат. Бул кооптуу. Чек араларды бекемдөө маселесин тез арада чечишибиз керек», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости