www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен орусиялык балбан Роман Власовдун беттеши качан өтөрү белгилүү болду.

Маалыматка караганда, эки балбан 2022-жылдын 28-майында күч сынашат.

Бул тууралуу спортчулар социалдык тармактардагы баракчаларына жазышты.

Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси менен Олимпиаданын эки жолку чемпионунун беттеши  Бишкектеги «Спартак» стадионунда өтөт.

Кечээ, 9-январда Акжол Махмудов менен Роман Власов Москвада биргелешкен машыгууларды, ошондой эле жаш балбандардын катышуусунда чеберчилик сабак өткөрүштү.

Буга чейин, 31 жаштагы орусиялык балбан кыргызстандык спортчуну күрөшүүгө чакырган. Махмудов бул чакырыкты кабыл алып, беттешти Бишкекте өткөрүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости