www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Бул жолку каарманым Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрдын актёру Күмөндөр Абылов. Кудай тартуулаган талант менен гана чектелип калбастан, берилген ролду ийне-жибине чейин талдап ойногонуна эли күбө. Ар бир образды кыймылы менен эле аткарып койбостон, жан-дүйнөсү менен берилип, ошол каармандын туйгусун жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезе билип, каармандардын бири-биине окшошпогон кулк-мүнөүн өтө чеберчилик менен ача билген мыкты устат. Кино тармагында дагы эбегейсиз ролдору элдин алкоосунда келе жатат.

- Тасмада жараткан эӊ алгачкы ролуӊуз?

- Эӊ алгач киного түшүү кандай экенин биле элек кезде, 1983-жылы Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукумунда» тойдогу эр-сайышта жеӊилип калып аттан ыргып түшкөн эпизоддук ролго түштүм.

А болбосо, кадимкидей «кино проба» дегенден өтүп, биринчи тартылган экинчи пландагы ролум режиссер Жали Соодонбек тарткан «Жаралуу үчүн курман болуу» тасмасындагы Жигит-Башынын ролу. Алгачкы башкы ролум, Токтогулдун 125 жылдыгына карата режиссёр Никалаенко тарткан «Кербез» тасмасындагы Арзымат акын болду.

- Өзүӊүз күбө болгондой, ар жума сайын бир кинонун премьерасы. Дегеним, мындай жүрүштө (темпте) кинону аксатып албайбызбы?

 – Кандай тасма болбосун тартылып жаткандын өзү жакшы көрүнүш. Улам тарткан сайын, такшалуу болот, көзү ачылат. Кыргыз киносу эч качан андан аксабайт. Себеби, биринчиден кино оӊой менен, оӊой каражат менен тартылбайт.

Экинчиден тартылган кинолорду эл ылгап көрөт. Эчкимди «Көргүн!» – деп, зордой албайсыӊ. Бири-биринен угуп жакшы болсо, элдин баары көрөт да, жаман болсо, ал киночунун эмгеги, акчасы талаага кетти дей бер. Ошентип ал өзүнөн-өзү эле кайра кино тартпай калат. Болбой эле тарта берсе, мейли.

Ал өзүн аябаса, биз кантип аяй алабыз? Албетте ар деӊгээлдеги көрүүчүлөрүбүз да бар. Бирок, киночулар канчалык атаандашып, көп кинолорду тартышкан сайын, ошончолук бири-биринен сабак алып, кыйындары улам алга озо берет да, кыргыз киносу да, көрүүчүлөр да өсүү жолунда болот.

Кыргыз киносу өнүгүү үчүн киночулар эле эмес, элибиздин баары киного ышкыбооз болуп, колунда барлары баш болуп колдоп турушса жакшы болбойт беле. Буга далил «Кыргызстан-Кыска метраждуу тасмалардын мекени»-деген, кинофестиваль жыл сайын бизде өтүп тургандыгы. 75 жылдык кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Атанын керээзи» тасмасы «А» класстагы бүткүл дүйнөлүк Монреаль кинофестивалында «Алтын-Зенит» баш байгесин жеӊип келгендиги мактоого татырлык.

- Күлкү сенин өмүр жашыӊа жылдарды эле кошпостон, жылдарыӊа өмүр балын да кошот!-деп, бир ойчулдун айтканы бар. Сизди эл көбүнчө куудулдук өнөрүӊүздөн улам таанып билишет. Куудулдук сиз үчүн?

- Куудулдук өнөрдү кесибим деп айткандан алысмын. Көп өнөр кесип катары эсептелингени менен куудулдук кесип эмес. Себеби куудулдук табият берген туубаса өнөр. Куудулдукка окутууга же үйрөтүүгө да болбойт. Ал өнөр артисттик кесипте иштеп, сахнага чыкпаган адамдарда деле болот. Анан да ал өнөр табияттан ар кимге ар кандай өлчөмдө берилет.