www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров отурган өкмөт үйүндө коронавирус чыкты

Коронавируска экспресс-тест тапшыруунун жыйынтыгында Өкмөт үйүндөгү 9 адам коронавирус жуктурган болушу мүмкүн деп шектелүүдө. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине Президенттин администрациясындагы булактары билдирди.

Өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу бүгүн, 10-январдан тартып мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын кызматкерлеринен коронавируска экспресс-тест алынып баштады.

Бүгүн эртең менен Президенттин администрациясынын, Президенттин иш башкармасынын, УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын 602 кызматкери текшерилген.

«Анын жыйынтыгында 9 кызматкердин анализинин жыйынтыгы шек жаратты. Алар ПЧР-тест тапшырууга жөнөтүлдү. Учурда ал кызматкерлер өз үйүндө жана ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтүп жатышат. ПЧР-тесттин жыйынтыгы кечке маал белгилүү болот», - деп билдиришти булактар.

Ошондой эле кечээ, 9-январда Президенттин администрациясындагы бир нече жетекчи коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Алар үйдө дарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости