www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демалыш күндөрү Военно-Антоновкадагы автобазардын айланасында узун тыгындан жүргүнчүлөр өтө албай кыйналып келишет. Эки чакырымдай жерден узак убакыт кармалышып, жагымсыз маанай жаралат.

Машина сатуучулар көчөгө чыгып алышкан, чылгый башаламандык. Мындай көрүнүш бир канча айдан бери кайталанып келатса да, Сокулук акимиатынан, Чүй облусунун жетекчилигинен эч кандай реакция жок.

Губернатор Эркин Тентишев байлыгын санагандан башкага убакыт таппайбы? А болбосо тартипти көзөмөлдөп, иретке келтирип коюу бат эле эмеспи. Аныгында башкаруу жок. Ортодон эл гана кыйналууда. Мындай шартта Эркин Тентишевдин эмне кереги бар? Эгерде башка тирикарак, ишбилги губернатор болгондо, эмгиче ырааттуулукту орнотуп коймок да, туурабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости