www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанга барган Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти өз ишине киришти. Бул тууралуу Башкы штаб кабарлады.
Маалыматка караганда, кыргызстандык жоокерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтара баштады.
Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлдү. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи.
Булак: NazarNews.kg