www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда күзүндө ЖККУнун машыгуусу өтөт

Казакстандын куралдуу күчтөрү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгуусун өткөрүүгө даярданууда. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

"Быйыл октябрь айында Казакстандын аймагында жамааттык күчтөрдүн "Өз ара аракеттенүү – 2022" командалык-штабдык машыгуусу, чалгын күчтөрүнүн жана каражаттарынын "Издөө – 2022" атайын машыгуусу жана "Эшелон — 2022" бөлүгүнүн атайын машыгуусу өтөт", - деп айтылат билдирүүдө.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен "Рубеж — 2022" машыгуусу Тажикстандын аймагында, "Бузулбас боордоштук – 2022" машыгуусу Кыргызстанда өтөт.

Казакстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, бул иш-чаралар ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын белгиленген тапшырмаларды аткарууга даярдыгын жогорулатууга багытталган.

Украинада согуш башталгандан кийин казак коомчулугу казак аскерлери ЖККУнун курамында согушка аттанышы мүмкүн деп кооптонгон. Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы уюмдун уставы боюнча тынчтыкты орнотуучу күчтөр ЖККУдан тышкаркы аймакка БУУнун мандатынын негизинде гана жөнөтүлөрүн айткан.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1992-жылы түзүлгөн. Анын курамына Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости