www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров качан ооруканадан чыгат?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн ооруканадан чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаровдун абалы канааттандырарлык.

“Бүгүн Казакстандан делегация келет экен, Акылбек Жапаров алар менен өзү жолугат”, - дейт министр.

Бейшеналиев министрлер кабинетинин төрагасы жумуштан чарчаганынан улам ооруканага түшкөнүн кошумчалады.

“Ал мен, президент сыяктуу бир күндө 24 саат иштейт. Бирок азыр анын абалы жакшы”, - дейт Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 28-апрелде, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости