www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалгыз бой адамдар кантип жакшы түгөй тапса болот?

Азыркы учурда көпчүлүк адамдар өздөрүн жалгыз сезишет. Алар чыныгы сүйгөн адамга жолугуп, бактылуу болууну кыялданып коюшканы менен жашоодо жалгыз.

Психолог адистер жалгыз бой адамдардын эң башкы маселеси - отуруп алып ордунан жылбай сүйүүнү күткөнүндө (!) деп эсептешет. «Мени кимдир бирөө сүйүп калсын, андан кийин аны көрө жатам» деп ойлонушат. Ошондуктан сүйүүнү кийинкиге сактабай, учурунда аракет кылыңыз!

Эң эле биринчи кезекте өзүнүздү жалгыздыкка түрткөн себептерди аныктап чыгыңыз! Балким сиздин мүнөзүнүздө адамдар менен тил табыша албоочулук, же бала кезден калган психологиялык травма бар.

Балким өзүмчүл адамсыз. Мунун баары сүйгөн адамды кездештирүүгб тоскоолдук жаратат. «Кантип оңолом?» деп сурап жатасызбы? Бул жаатта иштеген психолог адистердин мыктысын табыңыз, бир нече убакыттан кийин жашоого карата көз карашыңыз өзгөрүп, таптакыр башкача адам болуп чыга келесиз.

Чөйрөнү өзгөртүңүз, жакшы маанайда жүргөн, сизди алдыга сүрөгөн, шыктандырган адамдарга кошулуңуз. «Сыныктан башкасынын баары жугуштуу» деп коюшат кыргыздарда. Сиздин айланаңыз сиздин жашоого болгон көз карашты, адаттарды калыптандырышат.

Адамды сүйдүрө турган сапаттарга ээ болуңуз! Канчалык жакшы сапарттарыңыз көп болсо, ошончолук жогорку деңгээлдеги мырза же айым менен таанышып, ал сизди сүйүшүнө жол ачасыз.

Эң акырында айтарыбыз, эгер сүйүүнү издеп жатсаңыз, аны издегенден эч качан талбаңыз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости