www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Маңгыстау облустук полиция департаментинин Маңзатка каршы күрөшүү кызматы Өзбекстандын бир нече жаранын кармады.

Маалыматка караганда, алар "баңгизат таратуу маалында" кармалып, жанынан "740 грамм маңзат табылган".

"Кармалгандардын бири иштеген жерди тинтүү маалында жалпы салмагы 200 граммды түзгөн "мефедрон" баңгизаты жана 10 граммга жакын 20 даана "марка" табылды. Аталган адамдардын тобу сатуу максатында ири өлчөмдө маңзат партиясын даярдашкан. Аны Актау шаарынын аймагына таратып, акчасын электрондук капчыктар аркылуу алып турушкан", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, "Маңзатты, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сактоо жана сатуу" беренеси боюнча тергөө иштери башталды.

Буга чейин синтетикалык маңзат сактоо жана ташып жүрүү шеги менен Нигериянын жараны кармалганы кабарланган. Полиция анын автоунаасын тинтүү учурунда "ар биринде бир граммдай синтетикалык мефедрон маңзаты бар беш полиэтилен баштыгы" табылганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости