www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө тоодо калган франциялык туристтер куткарылды

Ысык-Көлдө алты сааттай тоодо калган франциялык туристтер куткарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-июль күнү Ысык-Көл ОИИБнин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ара-Бел сырт өрөөнүндө кайгуул кызматын жүргүзүп жатып, жолдон чыгып, сууга тыгылып калган жол тандабасты көрүшкөн. Унаада Франциядан келген жубайлар Абдулла менен Фатима болгон.

Туристтердин айтымында, алар жол тандабас автоунаа менен Ысык-Көл облусунда саякаттап жүрүшкөн. Бул сапар, алар Ара-Бел сырт өрөөнүн көргөнү келишкен.

“Алар суу аркылуу тоого жакыныраак барууга аракет кылышканда, унаасы тыгылып калган. Бул жерде дээрлик 6 саат туруп, үшүп башташкан. Ошол учурда милициянын патрулдук унаасын көргөндө жардамга чакыра башташкан”, - деп билдиришти милициядан.

Милиция кызматкерлери туристтерге жардам берип, аларды жолдун коопсуз бөлүгүнө чейин узатып коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости