www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда миграциялык рейд жүрүп жатат

Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги Казакстанда иштеп жүргөн өзбек жарандарына өлкөдөгү жапырт рейддер тууралуу эскертти.

Мекеменин маалыматына караганда, 3-июндан тарта Казакстандын бардык аймактарында миграция тармагындагы мыйзам бузууларды аныктоо максатында «Нелегал 2024» рейддери жүргүзүлүүдө.

«Бул рейддердин алкагында өлкөдө жүрүүнүн жана эмгек миграциясынын эрежелерин бузган чет элдик жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Мындай мыйзам бузуулар көбүнчө Алматы, Астана, Чымкент шаарларында, ошондой эле Маңгыстау облусунда катталары белгиленген. Буга байланыштуу коңшу өлкөгө кетип жаткан жана ал жакта жүргөн өзбекстандык жарандарга миграциялык эрежелерин сактоо сунушталды.

Мекеме Өзбекстандын жарандары Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө аларын, бирок бул аралыкта аларга иштөөгө тыюу салынганын эскертти.

Мурдараак жергиликтүү басылмалар Алматыда мыйзамсыз иштеп жүргөн Өзбекстандын 27 жараны кармалганын кабарлашкан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости