www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Түркия 20 документке кол койду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Анкарада өткөн Стратегиялык кызматташтык кеңешинин үчүнчү саммитинин жыйынтыгында Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындан тышкары эки өлкө лидеринин катышуусунда өнөктөштүктүн көптөгөн маселелерин камтыган 19 документке кол коюлду. Алар: илим жана жогорку технологияларды алмашуу тармагында кызматташуу тууралуу; аймактык өнүгүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу; стандартташтыруу тармагы боюнча кызматташуу; Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө техникалык колдоо көрсөтүү боюнча кызматташуу протоколу; космос илими, технологиялар жана изилдөөлөр тармагы боюнча кызматташуу; айыл-чарба, энергетика, маданият, маалымат, туризм тармактарында кызматташуу, үй-бүлө институтун жана аялдарды колдоо тармагында кызматташуу; башкаруу тармагындагы кадрларды даярдоо тармагында кызматташуу; юридика тармагында квалификацияны жогорулатуу боюнча кызматташуу протоколдору бар.

Мындан тышкары жеңилдетилген шартта соодалашуу, энергетика тармагын көзөмөлдөө боюнча эки тараптуу документтерге, ошондой эле айыл чарба тармагында кызматташууну кеңейтүү боюнча иш-чаралардын планына кол коюлду.

Шавкат Мирзиёевдин Анкарага жасаган сапарынын алкагында 10 миллиард долларга жаңы инвестициялык долбоорлордун топтому түзүлдү.

Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери Өзбек-түрк ишкерлик кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрүштү. Соңунда «өз ара кызматташууда жарала турган маселелерди ыкчам чечүү жана кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү үчүн» кеңештин жыйынын туруктуу өткөрүп туруу макулдашылды.

«Ошондой эле сапардын алкагында тараптар эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгынын локомотиви боло турган Өзбек-түрк өнөр жай класстерин түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Мамлекет менен жеке жактардын кызматташтыгынын алкагында 3 миллиард доллардан ашык суммага биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда», – деп жазылган өзбек президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости