www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда өлүм жазасы алынып салынды

Казакстанда өлүм жазасы алынып салынды. Буга чейин өлкөдө ага мораторий жарыяланган. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ага ылайык, Казакстан өлүм жазасын алып салуу боюнча эл аралык протоколго кошулгандыгы, БУУнун баш кеңсесинде тиешелүү документке Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров кол койгону маалымдалды.

Президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик сессиясынын жалпы саясий дебатында сүйлөгөн сөзүндө, Казакстан жашоого жана адамдын кадыр-баркына болгон негизги укукту ишке ашырууга берилгендигин баса белгиледи.

“Бул эл аралык документке кол коюу кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу багытынын уландысы” деп баса белгиленди. Казакстанда өлүм жазасын колдонуу Президенттин 2003-жылы тиешелүү мораторий киргизген жарлыгы менен токтотулган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өлүм жазасы катары жазанын бул түрү каралган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости