www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-сентябрдан тарта Казакстандын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү башталды. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди.

«Бүгүн саат 10:35ке карата мындай арыздар түшкөн жок», - деди Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Ерман журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Казакстандын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү 11-октябрга чейин уланат.

Казакстан Республикасынын Президенттигине талапкерлерди көрсөтүү укугу белгиленген тартипте катталган республикалык коомдук бирикмелерге таандык.

Эске сала кетсек, 21-сентябрда мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Шайлоо 20-ноябрда өтөт.

Учурда Казакстан Республикасынын президенттигине талапкерлер үчүн шайлоо акысынын суммасы 3 миллион теңгени түзөт. 40 жаштан ашкан, туулгандыгы боюнча Казакстан Республикасынын жарандыгы бар, жогорку билимдүү, өлкөдө акыркы 15 жылдан бери жашаган жарандар талапкер боло алышат. Арыз берүүчү активдүү шайлоочу болууга укуктуу, мамлекеттик кызматта же шайлануучу кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы болушу, мамлекеттик тилди мыкты билүүсү талап кылынат. Казакстан Республикасынын президенттигине ар бир талапкер 118 миң кол топтошу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости