www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатпаев шаарынын мэри Аубакир Шапагат пара алууга шектелип кармалганын билдирди.

Мекеме тергөө сыр экенин жүйө келтирип, иш боюнча башка маалымат берген жок.

Шапагат Улытау облусундагы Сатпаев шаарынын мэри кызматына 2023-жылы январда дайындалган. Ага чейин жергиликтүү акимчиликтин Экономика жана каржы бөлүмүндө, 2021-2023-жылдары шаар башчысынын орун басары кызматтарында иштеген.

Казакстанда жогорку кызматтардагы аткаминерлер коррупциялык мыйзам бузууларга айыпталган учурлар көп кездешет.

Transparency International эл аралык уюмунун 2023-жыл үчүн жарыялаган коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде Казакстан "коррупциялашкан өлкө" макамын сактап калган. Ал 39 упай алып, 180 өлкөнүн ичинен 93-орунга жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости