www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумда ызы-чуу чыкты

14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараянда айыпталуучулар соттун аракетине наарызылык билдирип, коштоп жүргөн аскерлер менен түртүштү. Окуянын видеосун айыпталуучулардын бири, камакта жаткан Илгиз Шаменов Фейсбуктагы баракчасында жарыялады.

Маалыматтарга ылайык, Шаменовдун адвокаты ооруп калып бул күнкү отурумга келбей калган. Мындан сырткары Кемпир-Абад иши жабырлануучу катары өтүп жаткан тарап да келген эмес. Сот ага карабай ишти кароону улантууну чечкендиктен айыпталуучулар бул кадамды “мыйзамсыз” деп атап, кыйкырык-сүрөөнгө алышкан. Натыйжада аларды кайтарып жүргөн сакчылар менен түртүшүү орун алган.

Окуяны башка айыпталуучулар Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев да “Азаттыкка” ырастап, ызы-чуудан кийин процессте тыныгуу жарыяланганын тактады.

Мурдагы – 31-январдагы отурум да болбой калган. Ага бул иш боюнча шек саналып аткан саясатчы Бектур Асановдун Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде жатканы жана үй камагындагы эки адамдын ооруп калганы негиз болгон.

Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалган Бектур Асановду сот 7-февралда эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошоткон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости