www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Актөбө – Астрахан трассасынын 120 чакырмындагы жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду. 6-март күнү эртең менен Toyota Hilux жана LADA Largus автоунаалары кагышып, сегиз киши, анын ичинде төрт бала каза болгон.

Актөбө облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, кылмыш иши "Транспорт каражатын башкаруу эрежесин бузуу" беренеси менен козголуп, бир нече экспертиза дайындалды.

Жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгы Toyota Hilux автоунаасында бараткан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү ооруканага жеткирилгенин, учурда абалдары туруктуу экенин билдирди.

Күбөлөр 6-мартта аймакты туман каптап турганын билдирүүдө.

Актөбө полициясынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын алгачкы эки айында аймакта 69 жол кырсыгы катталып, 18 киши өлүп, 91и жаракат алган.

Последние новости