www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 7-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Макулдашуу Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы тарабынан маданий борборлорду уюштурууну караштырат, ошондой эле маданият, илим, билим берүү жаатындагы достук мамилелерди жана эки тараптуу өз ара кызматташуу мамилелерин өнүктүрүүгө, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге эне тилин жана улуттук маданий өз алдынчалыгын сактоого, өз ара негизде тараптардын мамлекеттеринин тили, тарыхы жана маданияты менен таанышууга, түз байланыштарды түзүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости