www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин Сенаты бүгүн 7-мартта өкмөттүн ишин каржылоого байланыштуу кезектеги мыйзам долбоорлорун карайт. Өкмөттүк мекемелердин жана программалардын дээрлик жарымын 30-сентябрда аяктай турган каржылык жылдын соңуна чейин жалпы суммасы 460 миллиард долларга каржылоо тууралуу алты мыйзам долбоорун Конгресстин Өкүлдөр палатасы кечээ жактырган.

Сенат кабыл алгандан кийин мыйзам долбоорлору президент Жо Байденге кол коюуга жөнөтүлөт.

Аталган мыйзам долбоорлору айыл чарба, юстиция, транспорт, турак жай курулушу жана шаарларды өнүктүрүү министрликтеринин ишин, аскердик базалардагы курулуш жана ардагерлерге жардам долбоорлорун каржылоого багытталган.

Бул алты мыйзам бекитилсе 22-мартка чейин калган алты мыйзам долбоорун кабыл алууга жол ачылат. Алар коргоо, ички коопсуздук, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо министрликтеринин жана Мамлекеттик департаменттин ишин каржылоого багытталат.

АКШда каржылык жыл 30-сентябрда аяктап, 1-октябрда башталат. Кезектеги каржылык жыл боюнча Конгрессте ички пикир келишпестик жаралып, бюджет беш айдан бери толук жактырылбай, убактылуу чечимдер гана кабыл алынып келе жатат.

Быйылкы бюджеттин жалпы суммасы 1,66 триллион доллар болору айтылган. Былтыр 1,7 триллион долларды түзгөн.

Бюджет кабыл алынбай жатканына байланыштуу Украинага, Израилге каржылык жардам маселеси да чечилбей келе жатат.

Последние новости