www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган.

Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу ар кандай медиа-секторлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышты.

Президент менен ММК жетекчилеринин ортосундагы баарлашуу эки сааттан ашык уланып, анын жүрүшүндө коом үчүн жана түздөн-түз медиа чөйрө үчүн маанилүү маселелердин ар кандай аспектилери каралды.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ММК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости