www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Атырау шаарындагы тергөөчүлөр төрөт үйлөрүнүн бириндеги коррупцияны текшерүү учурунда кылмыш ишке шектелип жаткан медициналык мекеменин жетекчисинин үрөй учурган окуясына туш болду. Ал тирүү наристени өлүк деп муздаткыч камерасына киргизүү чечимин кабыл алган. Бул тууралуу казакстандын коррупцияга каршы агенттигинин төрагасынын орун басары Шынгыз Кабдула билдиргенин Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлердин шалаакылыгынан төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркай көз жумду. Аны өлүк төрөлгөн деп бүтүм чыгарышкан. Бирок, андан кийин бала тирүү экени маалым болгон. Бирок, медиктер аны жандандыруу бөлүмүнө жаткырунун ордуна, муздаткычка салып салышкан.

Бул чечимдин себебин, врачтар киргизилген өлүм жөнүндө документти өзгөртө албары менен түшүндүрүшкөн. Ошондуктан, жазылганды оңдоп койгондун ордуна, алар баланы муздаткычта калтыруу чечимин кабыл алышкан.

Дарыгерлер азыр кармалып, ымыркайдын өлүмүнө айыпталып жатышат. Айыпталуучулар 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле медициналык мекеменин жетекчисине дагы башка кылмыш иштери козголушу толук ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости