www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Башкы прокуратурасы 16-августта Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялады.

Тизмеде 238 кишинин ысымдарынын баш тамгалары жана фамилиялары жазылган. Маркумдардын жаш курагы жана кандай жагдайларда каза болгону тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Алардын кимисин күч түзүм кызматкерлери "антитеррордук операциянын" жүрүшүндө өлтүргөнү да белгисиз.

Мындан тышкары прокуратура жарыялаган тизмеде кимдер кокустан атылган октон, башка каражаттарды колдонуудан өлгөнү жана кыйноо учурунда каза болгону жазылган эмес. Буга чейин прокуратура органдары 6 адам тергөө изоляторунда кыйноодон улам мерт болгонун билдирген.

Мурдараак Токаев түзгөн фонд кокустан өлүп калган 19 адамдын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бергенин кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости