www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина кырдаалында АКШнын Орусия менен гибриддик тирешүүгө тартылуу кадамдары эскалацияга жана өзөктүк державалардын аскердик кагылышуусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Вашингтондогу элчилиги кабарлаганын РИА Новости жазды.

Дипөкүлчүлүк АКШ администрациясынын Орусиянын иш-аракеттери өзөктүк держава статусуна дал келбейт деген риторикасына көңүл бурганын белгилеген. Элчилик Хиросима менен Нагасакинин элин атомдук бомбалоого дуушар кылган өлкөдөн Орусияны өзөктүк чөйрөдөгү жоопкерчиликсиздиги боюнча айыптоолорун угуу коркунучтуу деп эсептешет.

"Украина кырдаалында АКШнын Орусия менен тирешүүгө тартылган кадамдары өзөктүк державалардын кагылышына алып келиши ыктымал", — деп жазылат элчиликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, буга чейин чет элдик маалымат каражаттары эгер Орусия менен НАТОнун ортосунда өзөктүк согуш башталса, 5 миллиарддан ашык адам өлөөрүн жазган.

Ал эми РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Украинага каршы өзөктүк курал колдонуунун эч кажети жок экенин айткан.

"Орусиялык өзөктүк куралдардын башкы мидети — өзөктүк чабуулдардын мизин кайтарып туруу", — деди Шойгу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости