www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда ырчыларды фонограмма менен ырдай тургандыгы жөнүндө көрүүчүлөргө алдын ала эскертип, мындай концерттерге билеттерди арзан сатууга милдеттендирүү сунушталууда.
Өлкө парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алып, жогорку палатасында каралып жаткан мыйзамга ылайык, мындан тышкары салттуу казак ырларын азыркы заманга ылайыктап бурмалап ырдоого, ошондой эле ырчылардын сахнага мас абалында чыгуусуна жана көрүүчүлөрдү кемсинтүүсүнө тыюу салынат.
«Ырчы фонограмма менен ырдаганда жандуу ырдаганга караганда азыраак акча алышы керек. Бул көрүүчүлөр менен аткаруучулардын ортосундагы мамиленин кийинки баскычы болушу мүмкүн. Бирок акыры фонограммага толук тыюу салууга да жетишибиз зарыл», — деди төмөнкү палатанын спикери Нурлан Нигматулин.
Казакстандагы ырчылардын көбү жаңы мыйзамды колдой тургандыктарын айтып, бирок андагы чектөөлөрдүн аткарыларынан күмөн санашууда.
«Көрүүчүлөргө ырчы фонограмма мененби же жандуу ырдайбы айырмасы деле жок. Мисалы, Казакстанга Ольга Бузова келди дейли. Анын ырдай албасын, фонограмма колдонорун баары билет, бирок залга толо эл барат. Деңгээлдери өтө төмөн болгондуктан, аларга баары бир», — деди музыкант жана продюсер Олжас Байкан.
Парламенттин айрым депутаттары аткарылып жаткан ырлардын сапатына да көңүл буруп, салттуу казак ырларын азыркы заманга ылайыктап, бурмалап ырдоого тыюу салууну сунуштап жатышат. Өз кезегинде ырчылар бул сунуш орунсуз экенин билдиришүүдө.
«Толук тыюу болбошу керек. Аранжировка менен ырды бузса да, жакшы кылып койсо да болот. Эгер сапаттуу болсо, эмнеге заманбап кылып иштеп чыгууга болбосун? Бул жаңы тенденция, жаңы багыт, замандын талабы», — деди обончу Алтынбек Коразбаев.
Булак: centralasian