www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Павлодар облусунда 22 жаштагы жигит өзүнүн мурунку сүйлөшкөн кызынын ата-энесин өлтүргөн деп билдирет Tengrinews.kz Pavlodarnews.kz сайтына шилтеме берүү менен.

Кырсык Береговое айылында болгон. 16 жаштагы Алинанын айтымында, 2-июлдан 3-июлга караган түнү мыкаачылык менен өлтүрүүнү анын жети айга жакын дос болуп жүргөн мурдагы жигити жасаган.

"Ал бала менен 7 ай сүйлөшкөм. Бир ай мурда анын баңгизат колдонорун билип калган соң, мамилебизге чекит койгом. Ал каршы болуп, бул кылганым үчүн өкүнөөрүмдү айткан болчу. 2-июлда мен колледжге тапшыруу үчүн документтеримди даярдап Павлодарда жүргөм. Ошол түнү мага таежем телефон чалып, дароо үйгө келишимди айтты. Үйгө барганда гана апамдан жана өгөй атамдан ажыраганымды билдим. Көрсө, ал бала түнкү саат 01:00 чамасында үйгө келип апамды жана өгөй атамды мыкаачылык менен бычактап кетиптир. 13 жашар иним жашынып калууга үлгүргөн экен. Баланын апасы мага акча сунуштап, баласы оорукчан экенин айтып ыйлап келди. Мен ата-энемден ажырадым. Иним менен жалгыз калдым. Биздин акчабыз да, тааныштарыбыз да жок. Кылмышкер жоопкерчиликтен качып кетеби деп коркуп жатам. Бийлик бул ишке кийлигишип, акыйкат карап берүүсүн өтүнөм", - деген кыз.

Кыздын айтымында, шектүү кармалган, бирок ал жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

"Бүгүн апасы келип, жардам катары акча алып келди. Ал ыйлап, уулу ооруп жатканын айтты. Балким, ал баңгизаттын таасири астында болгондур, бирок бул мыкаачылык менен өлтүрүүнү актабайт. Апамдын денесинин бардык жеринде бычактан алган жаракаттар бар. Биз иним экөөбүз жалгыз калдык. Биздин бай туугандарыбыз, байланыштарыбыз жок. Эртең апам менен өгөй атамды өлтүргөн адам эркиндикке чыгып, бизден да өч алат деп коркуп жатам. Бул ишти кароосуз калтырбаңыздар", - деди кыз.

Облустук ички иштер башкармалыгы кош адам өлтүрүү боюнча маалыматка комментарий берди.

«3-июль күнү саат 02.10дордо Тереңкөл районунун Береговое айылында жеке менчик үйдүн короосунан 46 жаштагы кожойкесинин жана анын 48 жаштагы жарандык никедеги күйөөсүнүн зомбулуктун белгилери менен жансыз денелери табылган. Маркумдун жашы жете элек уулу имараттардын бирине баш калкалагандыктан жабыркаган эмес», - деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

Аталган башкармалык адам өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы айыл тургуну кармалганын билдирди. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Последние новости