www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын тышкы иштер министринин мурунку жооптуу катчысы Анарбек Карашев жана Казакстандын Өзбекстандагы буга чейинки элчиси Ерик Утембаев эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу КазТАГ жазды.
Маалыматка караганда, Казакстандын Өзбекстандагы мурунку элчиси Ерик Утембаев ошол учурдагы өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен иштен алынган. Ал 2018-жылы октябрь айында ири өлчөмдө акча уурдоого шектелип кармалган. Утембаев Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин курулушунда аткарылган иштер тууралуу атайын жалган актыга кол койгон деп айтылууда.
Мунун кесепетинен 140 миллион теңгеден ашык зыян келтирилген.
Эске салак, алар 2018-жылы коррупция иштери боюнча кармалып, эки жылга эркинен ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg