www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Басымдуу бөлүгү ооруканада каза болгон, ал эми ызы-чууда 4 578 адам жабыркаган.

Казакстандагы жыл башында болгон башаламандыкта 225 киши өлгөнүн Sputnik-Казакстан билдирди.

Бул Башкы прокуратуранын бүгүнкү күнгө берген расмий маалыматы, моргдорго дал ушунча дене жеткирилген. Каза болгондордун 19у — күч органдарынын кызматкерлери. Дагы бир бөлүгү — бандиттер, калганы — жай тургундар. 225 кишинин 175и медицина мекемелеринде каза тапкан. Бул маалыматтардын баарын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү айтты.

Ал эми ызы-чууда 4 578 адам жабыркаган. 5-январдан тарта медициналык жардам сурап 2 677 киши кайрылган. 863ү ооруканага жаткырылса, кийинчерээк 598 бейтап айыгып чыккан. 265 адам дарыланууда, анын 67си оор абалда реанимацияда жатат.

Жалпысынан 546 иш козголгон. Башкы прокуратура башаламандыкка 20 миңден ашуун киши катышканын айтты.

672 киши шектүү катары бөлүмдөргө жеткирилип, 446 адам камакка алынган. Документтери текшерилгенден кийин 120 киши үйүнө коё берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости