www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Булганган абанын айынан көз жумгандардын саны дүйнө жүзү боюнча 2019-жылы 1,8 миллиондон ашкан. Бул тууралуу АКШлык окумуштуулардын изилдөөсүнө шилтеме берип Phys.org жазды.

Жаңы иликтөөлөр дүйнө жүзү боюнча шаарларды байырлаган адамдардын 86 пайызы (2,5 миллиард киши) абадагы зыяндуу заттардан жабыркап жашай турганын көрсөттү.

PM2.5 — 2,5 микрометр жана андан дагы кичинекей зыяндуу заттар. Ал дем менен кирип кеткен учурда адамдын өпкөсү жабыркай баштайт. Акырындык менен жүрөк-кан тамыр оорулары, дем алуу системасынын илдеттери жана өпкө рагы пайда болот. Муну бир катар изилдөөлөр далилдеп берген.

Окумуштуулар 2000-2019-жылдар аралыгында PM2.5 заттары дүйнөнүн 13 миңден ашык шаарында нормадан жогору болуп кеткенин аныкташты. Ошондой эле 2019-жылы 100 миң өлүмдүн ичинен 61 учур абанын булганышынан улам келип чыкканы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости