www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Самрук-Казына» фонду Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы — Димаш Досанов жана Кайрат Шарипбаев кызматтан алынганын билдирди.

«КазТрансОйлдун» жетекчиси Димаш Досановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу «Самрук-Казына» фондунун сайтында маалымдалды.

«КазТрансОйл» ААКтын Директорлор кеңешинин 2022-жылдын 14-январындагы чечимине ылайык, берген арызынын негизинде Д.Г.Досановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду» - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кайрат Шарипбаев «QazaqGaz» ААКтын башкармалыгынын төрагалыгынан кеткенин «sk.kz» сайты жазды.

«QazaqGaz Улуттук компаниясы» ААКтын Директорлор кеңешинин 2022-жылдын 14-январындагы чечимине ылайык, К.К.Шарипбаевдин өзү берген арызына ылайык анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости