www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстандан Кыргызстанга ташылып келген ири көлөмдөгү айыл чарба продукциясы өлкөгө киргизилген жок.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, 9-июнда жүргүзүлгөн фитосанитардык текшерүүдө 8600 килограмм калемпирдин, ошондой эле өзүнчө партия менен келген 4000 килограмм калемпир жана 2736 килограмм козу карындын документтеринде мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүү маалында фитосанитардык сертификаттардагы маалыматтар жүктү коштогон транспорттук документтердеги маалыматтарга дал келбей турганы белгилүү болгон.

Буга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык, жалпы көлөмү 15 тоннадан ашкан жүк кайра артка кайтарылды.

 

 

 

 

 

Последние новости