www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский Эстониянын борбору Таллинде президент Алар Карис менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Орусия-Украина жаңжалын токтотуу аракеттерине байланыштуу Зеленский кечээ АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске салды.

Жолугушууда согушту токтотуу үчүн керектүү сүйлөшүүлөрдү талкуулагандарын айткан Зеленский, Европанын да процесске эффективдүү катышуусу керектигин баса белгиледи.

Зеленский: "Европанын бул сүйлөшүүлөрдө реалдуу жана күчтүү үн менен чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу зарыл. Америка дипломатиялык процесстерге активдүү катышууга даяр", - деди.

Ок атышпоонун камсыздалышы үчүн Орусия, Украина, АКШ жана Европанын лидерлер деңгээлинде сүйлөшүүсү керектигин айткан Зеленский : "Эмне үчүн Европа? Себеби биз Европадабыз, бул жооп. Анткени бул биздин жер, бул биздин континент, кандай болгон күндө да эртең коопсуз жашоо болушуна кепилдик беришибиз керек", - деген пикирин бөлүштү.

Францияда өтө турган Чоң жетиликтин саммити менен Түркияда өтө турган НАТО саммитинин да Украина үчүн маанилүү экенине көңүл бурган Зеленский: "Үстүбүздөгү жылдын июнь жана июль айлары көп нерсени аныктай алат", - деди.

Последние новости