www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суроону кабыргасынан коёлу. Казакстандан кирген шектүү жүктөр, контрабандалар УКМКнын Бишкектеги начальниги Салмоорбек Жумабеков тарабынан калкаланып келеби? Аймактарга таратуу да көзөмөлүнө алынганбы? Бул боюнча УКМК, прокуратура кызматкерлери арасында кызуу талкууга алынып атканын уктук. Андыктан, Салмоорбек мырза өзүнө айтылып аткан күмөн саноолорго жооп берип коёбу?

Шек жарала берсе, аягы жакшы бүтпөгөнүн практикадан көп көргөнбүз. Анүстүнө президент Садыр Жапаров да “крыша” болгон аткаминерлерди жазалоо, тазалоо тапшырмасын берген. Күч органдары ушул өңүтүнөн тыкыр иштей баштаганы чынбы? Же “карга карганын көзүн чокубайт” таризиндеги шиңгилге күбө болобузбу? Кантсе дагы ачыктык, тазалыкты далилдөө керек да. Туурабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости