www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сууга чөгүп жаткан адам өзүнө-өзү кандай жардам бере алат? Бул суроого Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы адиси Леонид Дежурныйдын берген жообун РИА Новости жазды.

Анын айтымында, өзүн-өзү куткаруу маселесинде эки нерсени эстен чыгарбоо керек.

"Биринчиси — колдон келишинче дем алуу мүмкүнчүлүгүн сактоо. Бул өтө маанилүү. Экинчиден, адамдын денеси өзүнөн-өзү сууга чөкпөй турганын унутпоо зарыл. Башкача айтканда, ылдый тарта турган нерсе болбосо, өпкөдө аба бар болсо, дене суунун бетинде кала берет", — деди адис.

Белгилей кетсек, күн ысыган учурда сууга чөккөндөрдүн саны көбөйөт. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын алты айында 38 адам сууга чөгүп каза болду. Алардын ичинен 20сы жаш балдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости