www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги импорттоочулар менен Казакстандын Шабыркүл көмүрүн көбүрөөк алып келүүнү макулдашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, импорттоочу Бишкек менен Чүй облусунун көмүр базаларына кара алтынды мындан да көп алып келиши керек.

"Кампаларда график өзгөрүп, алар апта ичи күнү-түнү тынбай иштейт. Шабыркүл көмүрүнүн бир тоннасы 4 600 сомдон ашпайт", — деп айтылат маалыматта.

Шабыркүл көмүрү сатыла турчу кампалардын дареги:

  • Бишкек — Мурманская көчөсү, 1а;
  • Шопоков — "Сокулук базасы" жана "Берекет" ишканасы;
  • Кайыңды — Октябрдын 60 жылдыгы көчөсү, 7;
  • Шопоков — Жантаев көчөсү, 23;
  • Кант — Логвиненко көчөсү, 13.

Макулдашуунун алкагында өлкөгө 247 вагон Шабыркүл көмүрү алып келинет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости