www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашым 39да. Бул менин экинчи турмушум. Жашаганыма беш жылдай болуп калды. Ушул жылдар арасында күйөөмдөн ушунчалык запкы жедим. Болор-болбос нерседен уруш чыгарып, айкырып-кыйкырып, колунда эмне турса ошо менен мени урат. Чыны, сковородка тамагы менен кошо ыргытат.

Бир жолу тамак жеп жаткан, уруша кетип, мени сковородка менен урду эле, чачымдын баары картошка, май болуп жатып калды. Ызама буулуп ыйлагандан башка амалым да жок кала бердим. Мындай нерселер абдан эле көп болду.

Дагы бир урушканда тепкилеп салды, чырылдап ыйлап отурсам, үстүмө бир чака сууну куюп жиберди. Кыштын күнү. Эмне колуна тийсе ошо менен уруп, эмчектеги кызымды тартып алып, суукта эшикке чыгырып таштачу. Көчөдө ары-бери басып, тонгондо айла жок үйгө келсем, «эмне тамеки жыттанып, ким менен жатып келдин?» деп тепкилеп, кызымды «эмизбе, сен арамсын» дечү. Кышында көмүр салган чаканы көмүрү менен үстүмө Төгүп салган күндөрү болду.

Кетип да калдым, ага да болбой, шантаж кылып, «интернетке антип чыгарам, тууган уругуна минтип айтам» деп коркутуп, ушу күнгө чейин жашап жүрөм. Жылаңач кылып, видеого да тартып алган... Күчүм калбай, жашоодон көнүлүм калды. Учурда жашоом туңгуюкка кептелип, араң жүрөм...

Булак: Азия News гезити

Последние новости