www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан активист Мелис Аспеков реанимацияга түшкөнү тууралуу кабарды Жаза аткаруу кызматы төгүндөдү. 25-ноябрда айрым басылмалар Аспеков Улуттук кардиология жана терапия борборунун жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн жазышкан.

"Кардиология институтунда жатат. Реанимацияда эмес. Абалы жакшы", - деди Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова.

Аспеков 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Августта Аспековдун жүрөгүнө "Бикард" менчик клиникасында операция жасалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости