www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандыктар Актөбөдө 15 миллион теңге суммасындагы трансформаторлорду уурдап, кыргыз жарандарына сатып жиберишкенин Tengrinews.kz.басылмасы жазды.

Трансформаторлорду курулуп жаткан объектилердин аймагынан уурдоого шектелип, Акмоло облусунун эки тургуну полиция тарабынан кармалган.

"Шектүү адамдар манипулятордун жардамы менен курулуп жаткан объектилерден трансформаторлорду уурдап кетишкен. Андан кийин уурдалганды Карагандага алып барып, коңшу өлкөнүн жарандарына сатышкан. Тогуз трансформатор жүктөлгөн фураны ыкчам кызматкерлер Кыргыз Республикасы менен чек арада токтотушту", - деп билдиришти ИИМден.

Уурулук фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Эки шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости