www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун белгиледи.

Париждеги Олимпиададагы ийгиликтердин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Олимпиададан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, Париж Олимпиадасы өлкө тарыхында жемиштүү болду.

"Париждеги Олимпиададагы ийгиликтердин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда. Бул жолку оюндар өлкө тарыхындагы эң ийгиликтүүсү, жемиштүүсү болду. Бул иш-чарага 10 миңден ашуун спортчу катышып, 206 командадан Кыргызстан 16 спортчусу менен медалдык эсепте 68-орунду ээледи. Ал эми Азиядан катышкан 44 өлкөдөн 15-орунда болду. 16 спортчунун алтоо байгелүү кайтып, баргандар менен медаль алгандардын катышы боюнча сап башына чыктык", — деди мамлекет башчы.

Ошондой эле ал спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун кошумчалады.

Жапаров Париж Олимпиадасында тарыхы бир, тамыры бир, тили менен дили орток кыргыз, казак, өзбек күйөрмандарынын өз ара ынтымагы дүйнө жүзүнө даңазалангандыгын белгиледи.

"Спортчуларыбыздын чет жерде бири-бирине ылым санашып, тууган сезишип, жеңиш сезимдерин бөлүшүп, көкүрөк тийгизе кучакташкан көз ирмемдери үч элдин эзелтен берки келаткан достук, тууганчылык, жакын коңшулук мамилесин ого бетер арттыргандыгы болду. Кыргыз, казак, өзбек элинин ынтымагы мындан ары да чыңдала берсин, ылайым", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу жана Мээрим Жуманазарова күмүш, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынышты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости