www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-августта XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келди. Аларды расмий тосуп алуу салтанаты Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жатат.

Олимпиадага жалпы 16 спортчу катышкан. Алардын баарына президенттин атынан акчалай сыйлык жана унаа белекке берилди. Күмүш жана коло медалга татыган алты спортчуга КИА Моторстун унаалары белекке берилсе, калган катышуучулардын баарына жакында эле Кыргызстанда өндүрүлүп баштаган «Chevrolet» унаалары тапшырылды.

Мындан сырткары акчалай белектер да берилди. Күмүш медаль тагынган Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сомдон, коло медалга татыган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбековго 7 млн сомдон сыйлык ыйгарылса. Ал эми бардык катышуучуларга буга чейин ар бирине 500 миң сомдон берилди.

Последние новости