www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак тартап ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун негизги принцибин бузуп, ар кандай жасалма шылтоо менен чек арасын жапканы боюнча кыргыз-казак чек арасына ЕЭКтин өкүлдөрү келип, көйгөйдү жеринен көрүштү. 

Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан. Комиссиянын делегациясын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектеп келген.

Казакстан ЕАЭБ алкагында товарлардын эркин жүрүүсүн чектеп жатканы боюнча ЕЭК мүчөлөрүнө Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Анда экономика министрлиги төмөнкүдөй дооматтарын айткан:

- "Кең-Булуң", "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" чек ара пунктуларында абал чыңалууда. Казак тарап текшерүү иштерин катаалдатып, жүк ташуучу унаалардын өтүшүн кечеңдетүүдө;

- Казакстан ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун негизги принциби болгон товарлардын эркин жүрүү эрежесин бузуп жатат;

- Мындай кырдаал системалуу мүнөзгө ээ, казак тарап жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жайлатуу үчүн ар кандай себептерди ойлоп табууда;

- Мунун баары Кыргызстандын тышкы экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатат, өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин аткара албай калууда. Өтө албай турган жүктүн арасында тез бузулуучу азыктар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет;

Казакстан 20-августтан тартып эч кандай расмий билдирүүсүз эле чектөө киргизип койду. Анын кесепетинен учурда чек аранын кыргыз тарабында 500гө чукул транспорт кезекте турат...

Чындыгында, Казак тараптын мындай кадамы биринчи жолку эмес. Дайыма, суу алуу мезгили аяктап, жыйым-терим башталып, түшүм жыйноо учурунда Кыргызстандын товарын өткөрбөө максатында жылына ушундай иш-аракеттер жасалып келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости