www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Канат Тумыш Ооганстандагы талибан өкмөтүнө карата Астананын позициясы өзгөрбөгөнүн билдирди.

Анын айтымында, учурда "Талибан" радикал кыймылын өлкөдөгү тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу маселеси күн тартибинде жок.

"Бул маселе эл аралык коомчулук, өнөктөштөрүбүз жана кесиптештерибиз тарабынан аныкталат. Аны күн тартибине алып чыгуу үчүн кошумча чечимдер талап кылынат. Азырынча биз тиешелүү консультацияларды өткөрүп жатабыз", – деди Тумыш 3-5-август күндөрү Астанада өтө турган казак-ооган ишкерлер форму тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Тумыш Астанага келе турган Ооганстандын өкүлдөрү дүйнө өлкөлөрүнүн санкциялык тизмесинде жок экенин белгиледи.

Казакстандын Тышкы иштер министрлининин (ТИМ) маалыматына караганда, аталган форумга экономиканын түрдүү тармактарында иштеген 150дөн ашык ишкер катышат. Алар Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин, "Казакэкспорт" компаниясынын, логистикалык ишканалардын жана экинчи деңгээлдеги банктардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт деп күтүлүүдө.

"Ошол эле маалда "Талибан" ири Батыш өлкөлөрүнүн террористтик уюмдар тизмесине киргизилген эмес. Бул аталган өлкөлөргө кыймылдын өкүлдөрү менен түрдүү деңгээлде байланышта болууга мүмкүндүк берет", – деди Тумыш.

Ал мисал катары АКШнын "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен Доха шаарындагы жолугушууларын келтирди.

Казакстанда "Талибан" кыймылы террористтик уюм деп табылган. Бирок буга карабастан Астана талибдер менен расмий деңгээлде байланышып келет. 2021-жылы талибдер Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин Казакстан Кабулга расмий делегациясын жөнөтүп, Кабулдагы казак элчилиги ишин уланткан. Анда Акордо "гуманитардык маселелерди чечүү үчүн" Ооганстандын жаңы бийлиги менен байланыш түзүүгө даяр экенин билдирген. Быйыл апрелде Казакстан ТИМи ооган "дипломаттарына" аккредитация берүү тууралуу "Ооганстанстандын жаңы администрациясынын" өтүнүчү канааттандырылганын билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти түзгөн террористтик уюмдардын тизмесинде "Талибан" кыймылы жок. Ошол эле маалда өлкөнүн Каржы министрлигине караштуу Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы "Талибанды" глобалдык террористтердин өзгөчө тизмесине кошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости