www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин Шайхантахур районундагы мыйзамсыз диний мектептин окуучусу мугалиминен качып баратып бешинчи кабаттан секирип кетти. Бул тууралуу MY5 телеканалы Өзбекстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Шайхантахур районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде мыйзамсыз ачылган диний мектептин мугалими жашы жете элек 15ке жакын баланы уруп-сабап сабак өтүп келген.

Мугалимдин токмогунан качкан бала терезеден секирген. Ал бир топ жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, диний билими жок 28 жаштагы адам 1-июлдан баштап батиринде мыйзамсыз чакан медресе ачып, ар бир баладан 17 доллардан алып диний сабак бере баштаган.

Тинтүү учурунда батирден ар кандай диний китептер табылган. Мыйзамсыз сабак өткөн жаран 15 суткага камалды. Балдардын ата-энелери да административдик жоопкерчиликке тартылды.

Мындан тышкары учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Жакында Кыргызстандын Сузак районунда мыйзамсыз, жашыруун иштеп жаткан эки медресенин (хужра) ишмердиги токтотулганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

УКМКнын маалыматына караганда, медреселерде сабактарды диний билими жок мугалимдер өтүп келгени аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости