www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык белгилүү актёр Таукел Муслим үй бүлө курууга бел байлады. Мындай маалыматты ал  Instagram желесинде болгон түз байланышта  айтты.

“Менин сүйгөн кызым бар жана  учурда  өзүмдү бактылуу сезип жүрөм. Жакында той өткөрсөмбү деген пландарым бар. Балким бир же ашып кетсе  эки жыл ичинде үйлөнөм", - деп күйөрмандарына жооп берди.

Ага Instagram желесинин колдонуучулары  бакыт тилесе, айрымдары актёрдун сүйүктүүсү Жанар Дугалова  болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Анткени, Жанар Дугалова  да “жакында күйөгө чыгам”,- деп интервью берген экен. Анын үстүнө  экөөбү чогу эс алып жүргөн сүрөттөрү интернетке тарап кеткен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости