www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын  Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда облустарында үй канаттуулары кырылууда. Бул тууралуу кечээ,  21-сентябрда борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифинг учурунда маалым болду.

«Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулардын кырылып жатканы аныкталды. Жеке үй-жайларда 12 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган», - деди айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева.

Анын айтымында, үч облуста канаттуулар куш тумоосунан кырылып жатканы аныкталды, эки облуста болсо лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, бир нече күн мурун Казакстан Айыл чарба министрлиги Түндүк Казакстан облусунда «жогору патогендүү куш тумоосу» тараганын, ага каршы күрөшүү чаралары башталганын кабарлаган. 26-августта Казакстан Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу катталгандыктан, ал жактан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салган.

Ал эми Казак бийлиги үй канаттуулары кырылган фермерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, 4,7 миллион канаттуу үчүн 1,4 миллион доза вакцина бөлүндү. Буга кошумча дагы бир миллион вакцина сатып алуу пландалууда. Тумоо тараганга чейин 11,8 миллион канаттуу эмдөөдөн өткөн.

Ошондой эле министрлик өлгөн куштар жок кылынарын, залалсыздандыруу иштери күчөтүлөрүн билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча кишилер арасына куш тумоосуна кабылгандар жок. Ылаң жуктурган канаттуулардын жанында жүргөн 400дөй киши көзөмөлгө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости