www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан президентинин эл аралык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Ержан Казыхан башында турган өкүлчүлүк Кабулга расмий сапар менен барганы белгилүү болду. Акорданын маалымат кызматы Казакстандын делегациясы Ооганстандагы “Талибан” өкмөтүнүн жетекчилеринин бири Абдул Гани Барадар жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы айтылат.
"Казакстандын ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүшү жана соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү маселеси талкууланды", - деп жазылган расмий кабарда. Казакстан өкүлчулүгүнүн башчысы Ооганстанга гуманитардык жардам катары беш миң тонна ун жана коронавируска каршы QazVac вакцинасын тапшырганы белгиленет.
Казак делегациясынын бул сапарын Ооганстандагы “Талибан” өкмөтүнүн расмий өкүлү Забиулла Мужахид ырастап, жолугушуулар тууралуу Twitter баракчасына жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg