www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек-ооган чек арасында кызмат өтөп жатып курман болгон жоокер Асадбек Файзуллаевдин атасы уулунун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылууда.

26-июлда Сурхандарыя облусунун Термез шаарындагы №9221 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 20 жаштагы Асадбек Файзуллаевин денеси "Амузанг" каналында табылган. Өзбекстан Аскер прокуратурасынын маалыматына караганда, Файзуллаев каналда сүзүп жүргөндө чөгүп кеткен. Бирок маркумдун атасы Анвар Шодиев баласын алгач өлтүрүп, андан соң каналга ыргытып жиберишкен деп эсептейт.

– Мен уулумдун сөөгүн көрдүм, денесинде көптөгөн жаракат, сынык бар экен. Чөгүп кеткен кишиники андай болбой, – деди Анвар Шодиев.

Өлгөн жоокердин атасы ар түрдүү инстанцияга арызданып барганын, бирок алар кылмыш ишин козгоодон баш тартып жатанын айтат.

Асадбек Файзуллаев 2021-жылы март айында аскерге чакырылган. Ал кызмат өтөгөн аскердик бөлүк жоокер өлгөндөн кийин анын жетекчилери эскертүү алганын маалымдады. Коргоо министрлиги - өзбек армиясында "дедовщина" деген түшүнүк жок экенин билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости