www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизатын сатууга аракеттенген деп шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды, деп билдирет бүгүн, 26-октябрда, ИИМдин басма сөз кызматы.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Жаштык айылында Тажикстандын жаранын баңгизат сатып жаткан жеринен кармаган. Аны тинтүү жүргүзүү учурунда, жанынан 9 кг 521 грамм ооган чарсы (нашаа) табылды.

Бул факт Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдииктүү тизмесине катталды.

Чет элдик З.З. атту жаран Лейлек районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости